Эмгек министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгү кыргызстандык мигранттарга 15 миллиондон ашык рубль кайтарууга жардам берди
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү 2025-жылдын биринчи беш айынын ичинде Россияда жүргөн кыргызстандыктарга ар тараптуу укуктук жана консультациялык колдоо көрсөттү.
Кыргыз Республикасынын 175 жаранына укуктук иш — аракеттердин, иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдүн жана расмий кат алышуулардын аркасында мурда алынбай калган эмгек акысы 15 764 700 рубль төлөнүп берилген.
6 жаран өндүрүштүк жаракаттары үчүн 6 224 400 рубль өлчөмүндө компенсация алышкан.
Өкүлчүлүктүн адистери 12 279 жаранды жеке жана телефон аркылуу кабыл алып, кеңеш беришти.
20 кыргызстандыкка РФнын сотторуна арыз жана кайрылуу даярдоого жардам көрсөтүлдү.
Жарандардын кайрылуулары боюнча Москва полициясына 219 жолу барып, чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна 17 жолу баруулар жасалды.
Ата-энесинин камкордугусуз калган 3 жашы жете элек балдарды мекенге
кайтарууда (репатриациялоодо) көмөк көрсөтүлдү.
Өкүлчүлүктүн иши күнү-түнү улантылууда. Колдоо бетме-бет жолугушуулар аркылуу да, онлайн форматта да көрсөтүлөт.














