Россия Федерациясындагы Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгү мигранттар үчүн 1900дөн ашык бош орундарды таап, диаспора жана мамлекеттин өкүлдөрү менен 88 жолугушуу өткөрдү

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин РФдагы Өкүлчүлүгү россиялык иш берүүчүлөр жана кыргызстандыктардын коомчулугу менен кызматташууну активдүү кеңейтип, жарандардын жумушка орношуусуна жана укуктук адаптацияланышына көмөк көрсөтүүдө.

Жыл башынан бери Орусиянын ар кайсы аймактарында 1907 бош жумуш орундар табылган. Кыргызстандык жумуш издөөчүлөрдү мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча иштер иш берүүчүлөр менен түз байланыш аркылуу жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандыктардын коомдук бирикмелери, анын ичинде Москва шаары, Москва облусу, Екатеринбург, Новосибирск, Краснодар, Сочи, Мурманск жана Тюмень шаарларындагы диаспора өкүлдөрү менен 54 жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чараларга 4800дөн ашык жаран катышты.

Миграция, медицина, билим берүү жана ишке орноштуруу боюнча Орусиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен 36 жолугушуу өткөрүлдү.

Кыргызстандыктардын укугун коргоо үчүн медициналык жайларга беш жолу барышкан.

Өкүлчүлүк тарабынан 967 жаранга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алууга жардам көрсөтүлгөн. Үч жаранга Россия Федерациясына кирүүгө коюлган чектөөлөрдү алып салууга жардам берилди.

Ата-энесинин камкордугусуз калган үч жашы жете элек баланы мекенине алып келүүгө жардам көрсөтүлдү.

Россия Федерациясынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды легалдаштыруу мөөнөтү 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылган.

Бул демилгенин алкагында Россиядагы өкүлчүлүгү Россия Федерациясында жашаган Кыргызстандын жарандарынын арасында тынымсыз маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Эмгек мигранттары менен ыкчам байланышуу үчүн күнү-түнү иштеген ишеним телефондору уюштурулуп, алар аркылуу бардык пайда болгон маселелер боюнча консультациялар берилет.

Өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү Россияда иштеп жана жашап жаткан кыргызстандыктардын укуктук жана социалдык коопсуздугун чыңдоого багытталган.

Пайдалуу
Ссылкалар