Жыл башынан бери 288 адам реабилитациядан өттү-Эмгек министрлиги
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору төмөнкү кызматтарды көрсөтөт.
Бул борбор реабилитациялык кызматтардын төмөнкү
комплексин акысыз берет:
* медициналык реабилитация: физиотерапия, көнүгүү терапиясы (ЛФК), парафин терапиясы, массаж, стоматологиялык (дарылоо жана тиш протездөө;
* медициналык-техникалык: протездөөгө даярдоо жана протездик буюмга адаптациялоо;
* психологиялык;
* социалдык-эмгектик: тигүүчү машиналарында тигүүчүлүк, мончок токууну, сүрөт тартууну, компьютердик сабаттуулукка;
•социалдык-маданий реабилитациялоо:
•маданий иш-чараларды өткөрүү.
Кызматтарды алуу учун төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
1. Үй-бүлөлүк медицина борборунун, Жалпы дарыгердик практика борборунун жолдомосу, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин жолдомосу,
2. паспорт;
3. флюрографинын корутундусу, кан жана зааранын толук анализинин натыйжалары;
4. Реабилитациялоонун жеке программасы.
5. МСЭКтин корутундусу (справка)
Реабилитация борборунун кызмат алуучулары палаталарга жайгаштырылат, 3 жолу ысык тамак менен камсыз кылынат, эс алуу зоналарына, телевизорго, стол үстүндөгү оюндарга, китепканага, компьютердик класска кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Борбордо 10-20 күнгө чейин, протездик-ортопедиялык буюмдардын татаалдыгына жараша
Протездөө менен реабилитациялоодо жана адаптациялоо мезгилинде 15 ден 35 жумушчу
күнгө чейин жайгашууга болот.
Алгачкы протездөөдө башка бирөөнүн жардамына
муктаж болгон топтогу майыптыгы бар адамдар
коштоочулары менен ооруканага жаткырылат,
алар койка-орун жана тамак-аш менен камсыз кылынат.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды алыскы
аймактардан чыгарууда жылына бир жолу
автотранспорт менен (таксиден башка) бир тараптуу жүрүү үчүн акча төлөнөт.
Жыл башынан бери 288 жаран реабилитациядан өткөн.
Байланыш телефону: 0 (312) 211 – 026, 0 (312) 211 029


2025-06-09