Жашы жете элек беш кыргызстандык мекенине кайтарылды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги менен кызматташып, ата-энесинин камкордугусуз калган 5 жашы жете элек баланы Кыргызстанга кайтарды.
Алардын ичинен үчөө жакын туугандарына өткөрүлүп берилсе, калган балдар Бишкектеги адистештирилген балдар үйүнө жайгаштырылды. Балдарды үй-бүлөсү менен бириктирүү иштери улантылууда.
Министрлик балдардын укугун жана коопсуздугун коргоого өзгөчө көңүл буруп, бул багытта эл аралык уюмдар жана консулдук кызматтар менен тыгыз иш алып барууда.
Возможно, это изображение 6 человек, улица и текст
Пайдалуу
Ссылкалар