Жыл башынан бери Эмгек министрлигинин балдар үчүн ишеним телефонуна 26 миңден ашуун чалуу түшкөн
2025-жылдын алгачкы беш айында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдар үчүн ишеним телефонуна 26 996 чалуу түшкөн — бул күнүгө орточо 178 кайрылуу, айына 5 399дан ашуун чалуу дегенди билдирет.
Жалпы кайрылуулардын ичинен 932 чалуу жардам жана кеңеш сураган кайрылуулар болгон, анын ичинен:
- балдардан – 378 чалуу (40,6%)
- чоң адамдардан – 554 чалуу (59,4%)
Чалуулардын арасынан кыз балдар басымдуу болду. Ошондой эле кеңеш алуу үчүн аялдар эркектерге караганда көп кайрылышты. 932 чалуунун ичинен:
- эркектер – 175 (18,8%)
- аялдар – 379 (40,6%)
- эркек балдар – 106 (11,4%)
- кыз балдар – 272 (29,2%)
Аймактар боюнча алганда, эң көп чалуу Бишкек шаарынан түшкөн – 207 чалуу (22,2%), андан кийин Чүй облусу – 84 чалуу (9%), үчүнчү орунда Жалал-Абад облусу – 51 чалуу (5,5%). Эң аз кайрылуу Талас облусунан – болгону 15 чалуу (1,6%).
Телефон чалгандар социалдык жардам, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, балдарга карата зомбулук , балдардын тарбиясы жана жүрүм-туруму, мектеп рэкетчилиги ж.б.у.с.
Ар бир кайрылуу боюнча кеңештер жана сунуштар берилген, ошондой эле тиешелүү министрликтин аймактык бөлүмдөрү жана башка мамлекеттик органдар тарабынан иштер жүргүзүлгөн.
26 064 чалуу ар түрдүү мүнөздө болгон: интернет туташтыруу, уюлдук операторлордон бирдик жүктөө тууралуу суроолор, телефон аркылуу тамашалашуу (оюн-чындап чалуу), “тез жардам”, милиция тууралуу маалымат сурагандар жана башка маселелер боюнча кайрылуулар.
Министрлик жарандарга 111 номерине акысыз жана анонимдүү чалууга болорун эскертет.
Ишеним телефонуна төмөнкүдөй учурларда кайрылууга болот:
экстрендик психологиялык жана консультациялык жардамга муктаж болгондо,балдарга карата зомбулук же катаал мамиле болгон учурда.
Ошондой эле, адистер жашы жете электерге психологиялык кеңеш берип,
психологиялык ыңгайсыздык, агрессия (анын ичинде өзүнө агрессия жана өзүнө залака келтирүү), суициддик ойлор менен күрөшүүгө жардам беришет.
111 номерине чалып, сиз аймакта иштеп жаткан социалдык кызматтар боюнча маалымат алып, тиешелүү адистер менен байланыш түзө аласыз.














