КР Эмгек министри Р. Сабиров чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспорасынын экономикалык ишмердүүлүгүн жогору баалады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров чет өлкөдө жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда чет өлкөлөрдөгү мекендештердин жашоосу жана ишмердүүлүгүнүн маанилүү маселелери талкууланды. Диаспоралык уюмдардын ишине жана 2025-жылдын күз айына белгиленген Элдик курултайга чет элдик кыргызстандыктардан келген делегаттардын катышуусунун квотасын көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле катышуучулар улуттук өзгөчөлүктү сактоого, анын ичинде чет өлкөлөрдө кыргыз тилин окутууга басым жасашты. Кыргыз билим берүү борборлорун эне тилиндеги окуу куралдары жана китептер менен камсыз кылуунун курч зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, мекендештер жашаган өлкөлөрдөгү көйгөйлөр көтөрүлүп, КР Президентине караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча Кеңешти мамлекеттик деңгээлде колдоону күчөтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Министр Сабиров диаспора менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү сунуштап, мекендештердин өлкө экономикасына, анын ичинде инвестиция аркылуу акча которууларга кошкон олуттуу салымын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар конструктивдүү диалогду улантуу жана чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктарды колдоо боюнча биргелешкен аракеттерди бекемдөө ниетин тастыкташты.
Пайдалуу
Ссылкалар