Кочкордо алгачкы социалдык контракттын алкагындагы 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

2025-жылдын 19-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кочкор районундагы “Социалдык контракт” программасынын катышуучуларына 150 миң сомдук алгачкы сертификаттарды тапшыруу аземине катышты.
Өз сөзүндө министр:
“Сиздер билгендей, программаны толук кандуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүн эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу менен “Социалдык контракт” программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча программанын алкагында социалдык жардамдын өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы, №164-токтому менен бекитилген”.
Министрдин айтымында, программанын алкагында 35 226 контракт түзүлгөн, катышуучулардын 94% айыл жергесиндеги аялдар. Программа буга чейин 43 миңден ашык кошумча жумуш орундарын түзүүгө жардам берип, республика боюнча 190 миңден ашык адамдын жашоо шарты жакшырууда.
Р.Сабиров Кочкор районундагы ийгиликтүү учурларга өзгөчө көңүл бурду.Бул жерде 3 жылдын ичинде 264 бизнес-долбоор ишке ашырылган, анын ичинде:
131- айыл чарба тармагында,
88 долбоор – өндүрүш тармагында,
28 долбоор – кызмат көрсөтүү тармагында,
17 долбоор- соода-сатык тармагында.
Министр Социлдык контракттын колдоосу менен ачылган бизнестен жылдык кирешеси 1 миллион сомго жеткен беш баланын энеси Гүлбарчын Мунарбек кызын мисал келтирди.
2025-жылы программа боюнча өлкө боюнча 13 333 үй-бүлөнү камтуу пландалууда. Кочкор районунда 62 катышуучу каралган, алардын ичинен алгачкы 24 катышуучу жогорулатылган колдоону ала башташты.
2025-жылы программа 13 333 үй-бүлөнү камтуу пландаштырылууда, анын 62си Кочкор районуна туура келет. Алгачкы 24 катышуучуга көбөйтүлгөн өлчөмдөгү колдоо берилет баштады.
Сөзүнүн аягында министр Р. Сабиров: Сиздер жаңы экономикалык толкундун кыймылдаткыч күчүсүңөр. Иш жүзүнө ашкан идеяларыңыз аймактарды өнүктүрүүгө жана жумушчу орундарды түзүүгө жардам берет. Бүгүнкү күн ийгиликке карай узак жолдун башталышы болсун. Сиздер менен бирге биз күчтүү өлкөнү кура алабыз”, – деп баса белгиледи сөзүнүн соңунда министр.
Сертификаттарды тапшыруу аземине Кочкор районунун акими Б. Досалиев, Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Талантбек у. Талгар, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлү Кожиро Накай катышты.
программы ООН в Кыргызстане Кожиро Накай.
Пайдалуу
Ссылкалар