Равшанбек Сабиров: “Баарыбызды карылык күтүп турат”
2025-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы улгайган жарандар үчүн күндүзгү борбордо болду. 2008-жылдан бери иштеп келе жаткан Борбор улгайган адамдарга социалдык жана медициналык кызматтарды көрсөтүп, Активдүү узак жашоого жана жашоо сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтүп келет.
Министр сапардын жүрүшүндө борбордун шарттары менен жеринде таанышып, анын кызмат алуучулары менен жеке маектешти. Борбордун учурдагы абалы министрдин олуттуу тынчсыздануусун жаратты.
«Чын жүрөктөн айтам, мен таң калдым. Баарыбыз бир күнү картаябыз. Биз бүгүн улгайган адамдарга кандай мамиле кылсак, эртең ошол мамилени өзүбүз көрөбүз. Бул борбордун абалы тез арада көңүл бурууну талап кылат», — деди Равшанбек Сабиров.
Министр мекеменин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу зарылдыгын белгилеп, борборду жаңыртуу үчүн кошумча каражаттар менен донорлорду тартуу аракетин баштай турганын билдирди.
«Улгайган жарандарды колдоо системалуу, урмат-сыйлуу жана камкордук менен коштолушу керек. Мындай борборлор жарандарга чыныгы пайда алып келиши үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайбыз», — деп кошумчалады министр.
«Карылар үчүн ресурс борбору» коомдук уюмунун башкармалыгынын төрайымы Светлана Баштовенко министрге бүгүнкү күндө бул борбордо 22 улгайган жаран күнүмдүк колдоо алып жатканын, ал эми дагы 175 жаранга патронаждык кызматтар көрсөтүлөрүн билдирди. Бул кызматтарга үзгүлтүксүз медициналык кароолор, узак өмүр сүрүү боюнча кеңештер жана гуманитардык жардам кирет.





2025-06-24














