Министр Равшанбек Сабиров: “Министрликтин тарыхы-эмгекчи элдин тарыхы, анын жетишкендиктери жана элге кам көрүү”

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100 жылдык юбилейине арналган “Социалдык камкордукка – 100 жыл: жетишкендиктер, көйгөйлөр, келечекке стратегиялык артыкчылыктар” аттуу тегерек стол өттү.
Иш-чарага мурдагы эмгек министрлери, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, Кыргызстан кесиптик бирликтер союзунун өкүлдөрү, өнүгүү боюнча өнөктөштөр жана министрликтин кызматкерлери катышты.
Министр Равшанбек Сабиров иш-чаранын ачылыш сөзүндө бул мааракенин тарыхый маанисине токтолуп өттү:
«Бүгүн биз мекенибиздин тарыхында өтө маанилүү учур — Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100 жылдыгын талкуулоо үчүн чогулуп отурабыз. Бул датага байланыштуу ойлорубуз менен бөлүшүп, тарыхый фактыларды эстеп, маанилүү окуяларга баа берүү учур. Мындай күн 100 жылда бир келет. Кара-Кыргыз автоном облусу Кыргыз автоном облусу болуп өзгөртүлгөн учурда, дал ошол мезгилде эмгек жана социалдык камсыздоо маселелерине жооптуу мамлекеттик орган түзүлгөн».
Министрдин айтымында, бул жүз жыл ичинде өлкө 34 трактористтен санарип экономикага, 247 миңден ашуун жеке компьютер жана 4 миллион интернет колдонуучу бар өлкөгө айланды. Бүгүнкү күндө министрлик 130 тармактагы 4,1 миллион адамдын эмгек мамилелерин жөнгө салып, 1,7 миллиондон ашуун жарандын социалдык камсыздалышын камсыздап келет.
«Социалдык прогресс – бул эң оболу кирешенин өсүшү, кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк жана турмуштун оор учурларында кепилдик», – деди Р.Сабиров. – «Министрликтин тарыхы – бул элибиздин тарыхы, анын эмгеги жана адилеттүү коом курууга умтулуусу».
Анын айтымында, 2025-жылы маараке алкагында министрликтин тарыхы тууралуу китеп чыгарылып, 19-октябрда Социалдык кызматкерлер күнү белгиленип, өлкө жетекчилигинин катышуусунда салтанаттуу жыйындын өтүүсү пландалууда. Ошондой эле мааракеге даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, ага каалоочулардын баарынын кошулуусуна мүмкүнчүлүк берилет.
Иш-чаранын соңунда министр министрликтин пайдубалын түптөгөндөргө жана Кыргызстандын социалдык коргоо системасын өнүктүрүүгө салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди.
Пайдалуу
Ссылкалар