Бишкекте Корея Республикасынын Глобалдык өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо институту менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

2025-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Корея Республикасынын Глобалдык өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо институтунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. (Global Talent Education and Development Agency Co., Ltd.)
Документке борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев жана институттун президенти Чой Ин Сунг кол коюшту.
Меморандум Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасында ишке орноштурууга көмөктөшүүгө, кесиптик алмашууну өнүктүрүүгө, ишке орноштуруу, миграция жана кесиптик билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова, Монголиядагы мурдагы элчи жана мурдагы ардактуу консул Ким Чен Гу катышты.
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Меморандумга кол коюу Кыргызстандын эл аралык стандарттарга жооп берген кадрларды даярдоонун эффективдүү системасын түзүүгө умтулуусун чагылдырарын баса белгиледи. Өз кезегинде элчи Аида Исмаилова Корея Республикасы менен туруктуу өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, дипломатиялык өкүлчүлүк тарабынан келишимдин жоболорун ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Келишим чет өлкөдө иштөөнү каалаган кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.
Пайдалуу
Ссылкалар