Бишкекте Кыргызстан менен Япониянын эмгек жаатындагы кызматташуусун кеңейтүү маселеси талкууланды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабиров Япониянын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Делегация Кыргызстанга таанышуу сапары менен келген, аны Экономикалык изилдөөлөр институтунун президенти мырза Синдзи Тарутоко жетектеп келди.
Делегациянын курамында балдардын тамак-ашы, саламаттыкты сактоо, адам ресурстарын өнүктүрүү жана спорт тармагындагы адистер болду.
Жолугушууга ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин Япония менен достук боюнча депутаттык тобунун жетекчиси Т.А. Масабиров да катышты.
Жолугушуунун негизги темасы — Кыргыз Республикасынын жарандарынын Японияда уюшкан түрдө ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болду.
Кыргыз тарап Япониянын эмгек рыногунун талаптарына жооп берген квалификациялуу кадрларды даярдоого даяр экендигин билдирди.
Айрыкча, коопсуз жана мыйзамдуу эмгек миграциясын камсыз кылуу, ошондой эле Японияда иштөө үчүн адистешкен кадрларды даярдоо механизмдерин түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Япония тарапка Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, учурдагы жана жаңы демилгелердин алкагында өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экенин тастыктады.
Бул кызматташтык ачык жана натыйжалуу эмгек миграция системасын түзүүгө багытталып, эки өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, кыргызстандыктарга кесиптик өсүү жана жашоо сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Өз кезегинде Япония тарап Кыргыз Республикасынын жарандарынын тейлөө, социалдык кызматтар, медицина, ошондой эле ширетүүчүлөр жана жүк ташуучу айдоочулар сыяктуу жумушчу адистиктер боюнча ишке орношуу маселелери боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Тараптар биргелешкен демилгелер эки тарап үчүн тең пайдалуу кызматташтыктын бекем негизин түзөт деген ишенимин билдиришти.





2025-06-26














