КР Эмгек министрлиги менен БУУнун Аялдар уюму аялдардын потенциалын өнүктүрүү жана зомбулуктун алдын алуу жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров менен “БУУнун Аялдар” уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик менен кызматташуу жөнүндө меморандумуна кол коюшту.
Бул документ ар бир аял жана кыз өз укуктарын толук ишке ашыра алган, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ачып, үй-бүлөдөн тарта коомчулукка, саясатка жана экономикага чейин бардык чөйрөлөргө активдүү катыша алган коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган биргелешкен иштердин жаңы этабын баштайт.
Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын катарында аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу, аялдардын лидерлигин өнүктүрүү, айрыкча айыл жергесинде жана аярлуу топтор арасында аялдардын иш менен камсыз болушун жана экономикалык активдүүлүгүн колдоо бар.
Ошондой эле тараптар туруктуу натыйжаларга жетишүү үчүн жаштар, жергиликтүү жамааттар жана бейөкмөт уюмдар менен иштөөнү күчөтүүнү көздөшүүдө.
Министрлик Меморандумда көрсөтүлгөн макулдашууларды координациялоо жана ырааттуу ишке ашырууга даяр экендигин тастыктап, өлкө боюнча аялдардын жашоосунда оң өзгөрүүлөр болооруна ишенимин билдирди.
Пайдалуу
Ссылкалар