Төмөнкү- Серафимофкадагы карылар жана майыптыр үйүнүн кызмат алуучулары эвакуацияланууда
Бүгүн Ысык-Ата районунда жайгашкан “Такыр-Төр” көлүнүн жырылып кетишине байланыштуу өзгөчө кырдаал жаралды.
Бул кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Төмөнкү Серафимовкадагы карылар жана майыптар үйүнүн 291 кызмат алуучусу ыкчам түрдө эвакуацияланууда.
Учурда министрликтин тиешелүү бөлүмдөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө. Эвакуациялоо иштери бардык коопсуздук эрежелерине ылайык жүргүзүлүп, кызмат алуучулар жана мекеме кызматкерлери коопсуз аймактарга жеткирилүүдө.
Эвакуацияланган кызмат алуучулар үчүн убактылуу жашоо шарттары түзүлүп, зарыл болгон медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлөт.
Министр Равшанбек Сабиров кырдаалды жеке көзөмөлгө алып, стационардык мекемеге жеринен абалды көзөмөлдөөгө дароо чыгып кетти





2025-06-27














