Такыр-Төр көлүнүн жарылышынан кийинки кырдаал турукташты — Нижне-Серафимовский интернатынын кызмат алуучулары кайра кайтарылды

Такыр-Төр көлүнүн жарылышынан улам жаралган өзгөчө кырдаалга байланыштуу, Нижне-Серафимовский карылар жана майыптуулугу бар жарандар социалдык стационардык мекемесинин бардык кызмат алуучулары ыкчам түрдө эвакуацияланды. Эвакуацияланган жарандар убактылуу түрдө жергиликтүү мектептин имаратына жайгаштырылып, аларга тамак-аш, медициналык жардам көрсөтүлдү.
Кырдаал болгон жерге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров өзү барып, эвакуация иштерин көзөмөлдөп, кабар алды.
— «Суу агымы кыйла азайды. Жакынкы убактарда кырдаал толугу менен турукташат деп күтүп жатабыз. Бардык жарандарр зарыл болгон жардамдарды алышты, жабыр тарткандар жок», — деп белгиледи министр.
ӨКМ кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик органдарынын, анын ичинде Кант шаарынын мэриясынын ыкчам жана координацияланган аракеттеринин аркасында эвакуация болгону 40 мүнөттүн ичинде толук жүргүзүлдү. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00дө суу деңгээли кескин азайып, кырдаал турукташканына байланыштуу эвакуацияланган жарандарды кайрадан интернатка кайтаруу чечими кабыл алынды.
Министрлик коопсуздукту камсыздоодо ыкчам жана натыйжалуу жардам көрсөткөн бардык тиешелүү кызматтарга ыраазычылык билдирет. Кырдаал толук көзөмөлдө.
Пайдалуу
Ссылкалар