Улуттук квалификациялык кеңештин отуруму: кесиптик стандарттарды модернизациялоого басым жасоо

Бүгүн 2025-жылдын 30- июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун жетекчилиги алдында Улуттук квалификациялык кеңештин кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Э.Ж. Байсалов өз сөзүндө Кыргызстандын жарандарынын кесиптик жактан өсүүсү жана квалификацияларын таануу үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп кетти.
«Бүгүн биз Кыргызстандын жарандары ички эмгек рыногунда гана эмес, КМШ өлкөлөрүндө жана анын чегинен тышкары жерлерде да атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүшүбүз керек», — деп белгиледи Э.Байсалов.
Жолугушууда улуттук жана эл аралык деңгээлдеги кесиптик компетенцияларды баалоого жана таанууга структураланган мамилени камсыз кылууда Улуттук квалификациялык системанын негизги ролу талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы N 178 Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Социалдык өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Программа эмгек рыногунда татыктуу шарттарды түзүүнүн негизги инструменттеринин бири катары кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү системасын модернизациялоону карайт.
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин өкүлү Кыргыз Республикасы менен Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) курулуш тармагындагы кызматташуусу боюнча актуалдуу маалымат менен тааныштырды.
Ошондой эле «КНАУФ Гипс Кыргызстан» ЖЧКсынын билим берүү долбоорлорунун менеджери Денис Александрович Базавлюк баяндама жасап, өзү иштеген тармактагы профессионалдык стандарттарды түзүү боюнча иштин учурдагы этабы жөнүндө кеңири айтып берди.
Отурумдун жыйынтыгында эмгек рыногунун талаптарына жана эл аралык стандарттарга ылайык келүүгө басым жасоо менен тармактар боюнча кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча ишти күчөтүү чечими кабыл алынды.
Пайдалуу
Ссылкалар