Эмгек министри Равшанбек Сабиров жарандарды жеке кабыл алды

2025-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коомдук кабылдамасында министр Равшанбек Сабиров жарандарды жеке кабыл алды.
Кабыл алууда жарандар тарабынан бир катар социалдык маселелер көтөрүлдү. Атап айтканда, социалдык жөлөкпул дайындоо, жеке ассистент кызматын көрсөтүү, санатордук-курорттук жолдомо берүү, үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулун дайындоо, жайкы эс алуу лагерлерине балдарды жөнөтүү жана акчалай компенсациянын көлөмүн жогорулатуу сыяктуу маселелер талкууланды.
Ошондой эле Россия Федерациясында жашап жаткан, атасынын колундагы 9 жаштагы небересине камкорчу болуу маселеси да каралды.
Жалпысынан 8 жаран кабыл алынып, ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди.
Пайдалуу
Ссылкалар