Эмгек министрлиги Эмгек кодексине ылайык жумуштан бошотууда төлөнүүчү жөлөкпулу тууралуу түшүндүрөт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кызматтан бошотулган учурда кепилденген чыгымдардын төлөнүшү жөнүндө эскертме берет.
Уюм (юридикалык жак) же анын филиалы (өкүлчүлүктөрү) жоюлганда, иш берүүчү (жеке жак) ишин токтоткондо; кызматкерлердин саны же штаты кыскарганда, анын ичинде уюмду кайра уюштурууга байланыштуу негиздер боюнча эмгек келишимин бузууда, Эмгек кодексинин 47-беренесине ылайык кызматкерге эки орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмдө иштен бошотуу жөлөкпулу төлөнөт. Ишке орноштуруу мамлекеттик кызматында 10 жумуш күндүн ичинде жумуш издөөчү катары катталган шартта, жумуш издөөнүн экинчи жана үчүнчү айлары үчүн кызматкердин орточо айлык эмгек акысы сакталат. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча бөлүмдөр КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин райондук башкармалыктарында жайгашкан.
Эгерде үч ай ичинде жумуш табылбаса же жаран сунушталган эки бош орундан баш тартса, анда ал жумушсуз статусуна ээ болот.
Бир орточо айлык эмгек акынын өлчөмүндө иштен бошотуу жөлөкпулу төмөнкү учурларда төлөнөт: жумуш берүүчүнүн башка жерге көчүүсүнө байланыштуу кызматкердин которууга макул болбогондугу; саламаттыгы боюнча кызматтан бошотулушу; аскер кызматын өтөөгө чакырылышы же жубайынын башка жерге которулушу; мыйзамсыз бошотулган кызматкердин жумушка калыбына келтирилиши.
Эмгек келишиминде же жамааттык келишимде чыгымдарды төлөө боюнча башка учурлар каралышы мүмкүн, ошондой эле чыгымдардын жогорулатылган өлчөмү да белгилениши мүмкүн.














