Эмгек министрлигинде үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди күчтөндүрүүнү талкууланды

2025-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары А.К. Солтонбекова үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттердин ишин күчөтүү маселелери боюнча өнөктөштөр жана бейөкмөт уюмдардын эксперттери менен жолугушуу өткөрдү.
Коомдук негизде түзүлгөн бул туруктуу иш алып барган комитеттерге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү (үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын субъекттери), жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет. Комитеттердин максаты — үй-бүлөлүк зомбулуктун, аялдардын, балдардын, улгайган жана аракетке жөндөмсүз жарандардын укуктарын бузуу фактыларынын алдын алуу боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташтыкты камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жардам көрсөтүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, жергиликтүү деңгээлде иш алып барган органдардын функцияларын оптималдаштыруу жана мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар ортосунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттердин ишин күчөтүү багытында жумушчу топ түзүү сунушталды.
     
Пайдалуу
Ссылкалар