Иш менен камсыз кылуу кызматтары 2025-жылы 17% га көбүрөөк жумушсуздарды иш менен камсыз кылды

Жыл башынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарынын ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнө 72 804 адам кайрылган (алардын ичинен 36 734 аял).
Кайрылуулар жумушка орношууга көмөктөшүү, эмгек мыйзамдары, кыска мөөнөттүү кесиптик окутуулар жана кесип тандоо маселелери болду.
Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү алкагында 7630 ( 4570 аял) жумушсуз адам ишке орноштурулган (2024-жылдын 1-июлуна салыштырмалуу 17% көбөйгөн).
Активдүү чараларынын бири болгон акы төлөнүүчү коомдук иштерге 5 738 (2866 аял) адам жиберилип (2024-жылга салыштырмалуу 17% көбөйгөн), алар жер-жерлерде айыл аймактарынын айлана чөйрөсүн жана арыктарды тазалоо, бала-бакчаларды, мектептерди оңдоп түзөө, жайыттарды тозуу иштери ж.б ушул сыяктуу иштерге катышышты.
Эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында 3 824 адам (2 449 аял) кесиптик окуудан өтүштү. Алардын 62% га жакыны алган адистиги боюнча жумуш тапкан.
Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Өзгөн жана Чүй облусунун Сокулук райондорунда кесипке багыт берүүчү борборлор иштеп жатат. Жыл башынан бери борборлордо 40 404 адам (16 599 жумушсуз жана 23 805 бүтүрүүчү) консультация алышты, аларга кесип тандоодо негиздүү чечимдерди кабыл алууга көмөк көрсөтүлдү.
Пайдалуу
Ссылкалар