Равшанбек Сабиров: «Чынында жардам берип жаткан фонддор менен кызматташтыкты күчөтүү зарыл»
2025-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун директору Абделкарим Али Мохамед менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр фонд тарабынан өлкөдөгү маанилүү социалдык демилгелерди ишке ашырууга кошкон салымы жана үзүрлүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
«Ассанабил» фонду — калктын аярлуу катмарын колдоодо ишенимдүү өнөктөш. Сиздердин колдооңуздар өзгөчө жардамга муктаж жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган программалардын өнүгүшүнө салым кошуп, туруктуу социалдык жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болууда», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Министр ар жума сайын жарандарды жеке кабыл алган күндөрү турак жай, жөлөкпул, медициналык жардам боюнча аярлуу жарандардан көптөгөн кайрылуулар түшөрүн белгиледи.
«Айрым учурларда угулган тагдырлар жүрөктү эзет. Ошондуктан оор абалда калган адамдарга чындап жардам берүүгө даяр болгон фонддор менен мындан ары да тыгыз кызматташууга кызыктарбыз», — деди министр.
Министрлик кайрымдуулук уюмдары менен түз жана натыйжалуу кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар, анткени жардам чындап муктаж болгон адамдарга даректүү жетиши керек. Бул контекстте министр муктаждарды колдоо үчүн каражат топтой турган жаңы «Ынтымак» аттуу кайрымдуулук фондун түзүү пландары тууралуу билдирди.
Өз кезегинде Абделкарим Али Мохамед «Ассанабил» фонду Эмгек министрлигинин социалдык демилгелерин мындан ары да колдоого даяр экенин ырастады.
«Муктаж болгондорго жардам берүү — биздин милдет. Бул маанилүү багытта министрликке колдоо көрсөтүүгө дайыма даярбыз», — деди ал.
Ошондой эле ал быйыл август айында фонд аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык шаарчанын ачылышын пландап жатканын жана министрди расмий ачылыш аземине катышууга чакырганын маалымдады.















