Эмгек министринин  орун басары Бакыт Дарманкул уулу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

 

2025-жылдын 16-июлунда Россия Федерациясына жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Москва шаарынын жана Москва облусунун кыргыз диаспоралык бирикмелеринин өкүлдөрү жана активисттери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө россиялык миграция мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу актуалдуу маселелер, алардын Кыргыз Республикасынын эмгекчи жарандарынын жана алардын үй — бүлө мүчөлөрүнүн укуктук абалына тийгизген таасири талкууланды. Россия Федерациясынын Президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 1126 Жарлыгынын алкагында чет өлкөлүк жарандардын укуктук статусун жөнгө салуу маселелерине, ошондой эле Россияга кирүүнүн жаңы эрежелерин апробациялоо боюнча экспериментке өзгөчө көңүл бурулду.

Диаспора өкүлдөрү кыргызстандыктар Орусияда жүрүүсүн мыйзамдаштырууда кыйынчылыктар уланып жатканын айтышты. Атап айтканда, Россиянын ИИМнин аймактык башкармалыктарында миграция маселеси боюнча узун кезектердин көйгөйлөрү айтылды. Алардын айтымында, кабыл алуу үчүн жарандар жумалап кезек күтүүгө аргасыз.

Ошол эле учурда алар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматтык-түшүндүрүү иштери жана мыйзамдаштыруу маселелеринде жарандарга көмөк көрсөтүү жаатындагы ишине оң баа беришти

Пайдалуу
Ссылкалар