Эмгек министрлиги жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги биргелешкен долбоорлорду көздөйт

2025-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин директорунун орун басары Асель Мамбеткулова менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жумушсуздардын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана калктын аялуу катмарын колдоо боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушууда эки тарап ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана аткарылып жаткан иштер боюнча презентацияларды көрсөтүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу келишими түзүлдү.
       
Пайдалуу
Ссылкалар