КР Эмгек министринин орун басары Россия Федерациясынын аймактарында жарандардын легализацияга жетүүсүнүн көйгөйлөрүн айтты

 

2025-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо  жана миграция министринин орун басары Б.Дарманкул уулунун Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында РФнын ИИМнин Жарандык жана чет өлкөлүк жарандарды каттоо кызматынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу К.Адзинов менен жолугушту. Бул жолугушуунун жүрүшүндө көйгөйлүү маселелер жана Россия Федерациясынын Президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 1126 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча биргелешкен макулдашылган иш-чаралардын актуалдуулугу талкууланды. Ага ылайык контролго алынган адамдардын реестрине киргизилген чет мамлекеттердин жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына 10-сентябрга чейин Россия Федерациясынан мыйзамдуу түрдө чыгып кетүүгө, 2025-жылдын 10-сентябрына чейин чет мамлекеттердин жарандарына, мыйзамдуу түрдө кайра чыгууга мүмкүнчүлүк берилет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Россиянын ИИМнин Москва, Москва облусу жана Екатеринбург шаарларындагы миграция маселелери боюнча айрым аймактык башкармалыктарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү төмөн болгондуктан, легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана албаган Кыргызстандын жарандарынан көптөгөн кайрылуулар түшүп жаткандыгы айтылды. Өз кезегинде Б.Дарманкул уулу орус тарапка ЕАЭБге мүчө мамлекет катары Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу үчүн кошумча терезелерди ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Мындан тышкары, министрдин орун басары Россиянын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарын көзөмөлгө алынган адамдардын реестринен чыгаруунун тиешелүү механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап министрликтердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле Россия Федерациясындагы Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан биргелешкен жана комплекстүү иштер боюнча эки өлкөнүн министрликтеринин жана алардын бөлүмдөрүнүн алгылыктуу ишмердүүлүгүнө токтолушту.

Ошону менен бирге, россиялык тарап Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү тарабынан мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Россияда легалдаштыруунун мөөнөттөрү жана тартиби жөнүндө кеңири маалымдоо боюнча жакшы координацияланган жана сапаттуу жүргүзүлүп жаткан иштерди өзгөчө белгиледи.

        

Пайдалуу
Ссылкалар