Эмгек министрлиги жаңы конуштардагы үй-бүлөлөрдү колдоону күчөтүүдө — 700 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун биргелешкен кайрымдуулук демилгесинин алкагында, Бишкек шаарынын чет жакасындагы жаңы конуштарда жашаган 700 муктаж үй-бүлөгө эң зарыл болгон азык-түлүк баштыкчалары берилди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышты. Ал тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, Эмгек министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик социалдык жардам жана башка колдоо чаралары боюнча түшүндүрүү иштерин жана жеке консультацияларды өткөрдү. Министрлик мындан ары да коомдук жана кайрымдуулук уюмдары менен кызматташууну улантып, жардамга муктаж жарандарды колдоону күчөтөт.

Пайдалуу
Ссылкалар