Кыргызстанда үй-бүлөлүк киреше долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 1286 социалдык контракт түзүлдү

 

 

2025-жылыКыргызстанда аз камсыз болгон 13 333 үй-бүлөгө жакырчылыктан чыгуу жана кирешесин жогорулатуу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө социалдык контракт алуугамүмкүнчүлүк берилди.

Социалдык контракт үй-бүлөлөргө жеке ишкердигин ачууда, көмөкчү чарбаны өнүктүрүүдө, жумуш мененкамсыз кылуу үчүн жабдууларды жана шаймандарды сатып алууда колдоо көрсөтүүгө

багытталган. Келишимдин алкагында жарандар туруктуу чарба жүргүзүү жана өз алдынчакиреше алуу үчүн коштоо жана окутуудан өтө алышат.

2025-жылдын 1-июлуна карата республика боюнча 1 286 социалдык контракт түзүлүп, үй-бүлөлөр кирешедолбоорлорун ишке киргизүү үчүн алынган каражаттарды өздөштүрө башташты.

Социалдык контрактты ишке ашыруу жакырчылыкты кыскартуу, өзүн-өзү иш менен камсыз кылуунуколдоо жана жарандарды социалдык коргоону өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын бир

бөлүгү болуп саналат.

2024-жылдын тартып социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн пайызсыз кредит берүү башталган. 1-июлга карата республика боюнча 149 жаран пайызсыз кредит алышты.

Кошумча маалыматтыЭмгек министрлигинин аймактык башкармалыктарынан алууга болот.

Пайдалуу
Ссылкалар