Эмгек министрлиги эскертет: Алдамчылар жасалма интеллект колдонуп, “чет өлкөдө жеңил жумуш” убада кылып жатышат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды чет өлкөдө ишке орношууда алдамчылык коркунучу тууралуу эскертет жана ортомчуларды тандоодо өзгөчө этият болууга чакырат.
Акыркы убактарда Канада, АКШ, Улуу Британия жана Европанын башка өлкөлөрүндө “жеңил жумуш” сунуштап, алдамчылар активдешти. Алар Milky Way шоколад фабрикаларына, Coca-Cola, Pepsi заводдоруна, Adidas, Puma, Nike, IKEA, Volkswagen жана башка белгилүү бренддердин кампаларына жогорку маяна менен, жаш курактык чектөөсүз жана тил билбестен жумуш убада кылышууда.
Алдамчылардын жаңы схемалары:
• Нейрондук тармактар аркылуу лицензияларды жана документтерди жасалмалоо
• “Аз эле орун калды”, “катталууга шашылыңыз” деген сөздөр аркылуу психологиялык басым көрсөтүү
• Жасалма “ырастоолорду” жана жалган паспортторду жөнөтүү
• Эмоцияларга – коркуу, үмүт, шашуу жана ишенимге ойноо
Маанилүү маалымат:
• Эмгек министрлиги жана расмий агенттиктер аркылуу Канадага жана АКШга жумушка орношуу жүргүзүлбөйт
• Чет өлкөдө иштөөгө ар дайым жаш курактык чектөөлөр бар – айрыкча физикалык оор жумуштарга
• “Тез каттоо” үчүн акча талап кылуу – алдамчылыктын биринчи белгиси
Кантип мыйзамдуу ишке орношсо болот:
Польша, Германия, Венгрия, Хорватия жана Европанын башка өлкөлөрүндө иштөөнү каалаган кыргызстандыктар Эмгек министрлигинен расмий уруксат алган жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине гана кайрылышы керек.
Агенттикти текшериңиз:
• migrant.kg сайтына кириңиз
• «Жеке агенттиктер» бөлүмүнө өтүңүз
• Иштеп жаткан лицензиясы бар экенине ынангыла
• Байланыш номерлерин сайттагы маалымат менен салыштырыңыз
Алдамчылардын торуна илинбеңиз:
• Telegram, Instagram жана TikTok’тогу жарыяларга ишенбеңиз – бул алдамчылардын төлөнгөн жарнамасы болушу мүмкүн
• Мессенджерлер аркылуу “менеджерлерге” акча жөнөтпөңүз
• WhatsApp’тагы “лицензия” скриншотторуна ишенбеңиз – аларды ИИ аркылуу оңой жасалмалоого болот
Бардык маалыматты Эмгек министрлигинин расмий булактарынан – migrant.kg сайтынан гана текшериңиз. Этият болуңуз, акчаңызды жана келечегиңизди тобокелге салбаңыз.














