Эмгек министрлигинин социалдык кызматкерлери 9 миңден ашуун жаранга үйүнө барып тейлешет
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук жана межрайондук башкармалыктарында 894 социалдык кызматкер 9 242 жаранга үйүнө барып тейлешет.
Алардын ичинде:
- жалгыз жашаган улгайган жарандар – 3 676 адам;
- майыптыгы бар жарандар – 2 274 адам;
- жубайлар – 342 жуп;
- оор турмуштук абалга туш болгон үй-бүлөлөр – 2 956 үй-бүлө.
Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган улгайган жарандарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, кыймыл-аракетинде чектелүү болгондуктан өзүн-өзү камсыз кылууга жана ишке орношууга мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жубайларга жана оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө үй шартында жардам көрсөтүшөт.
Ар бир социалдык кызматкер тейлөөгө алынган жаранды башкармалыктын жетекчиси тарабынан бекитилген жеке графикке ылайык, жумасына эки жолу барып тейлейт.
Үй шартында социалдык жардам алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коңшулардын же жакын адамдардын муктаж болгон жарандар тууралуу жазуу түрүндө кайрылуусу талап кылынат.















