Эмгек министрлиги мигранттарды колдоо боюнча «Мекеним 1+1» программасы тууралуу маалымдады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттарын, мекендештерди жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган «Мекеним 1+1» аттуу улуттук пилоттук программа тууралуу маалымдады. Программа чет өлкөлөрдө тапкан капиталынын бир бөлүгүн Кыргыз Республикасындагы узак мөөнөттүү долбоорлорго жана аманаттарга салууну каалаган жарандарды колдоого багытталган.

«Мекеним 1+1» программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин чечими менен иштелип чыгып, чет өлкөдө жашаган жарандардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын өлкөнүн экономикасына инвестициялоо аркылуу кайра интеграцияланышына шарт түзүүгө багытталган.

“Мекеним” программасы 1+1 механизмин камтыйт. Бул продукт механизми мамлекет тарабынан белгилүү бир өлчөмдө жеңилдетилген кредит продуктусун берүүнү карайт жана ошол эле бирдей үлүш мигрант (кайтып келген мигрант, мекендеш) тарабынан салынууга тийиш. Жыйналып топтолгон бул капитал кайтып келген мигрант тарабынан жеңил өнөр жай, туризм, билим берүү кызматтары, IT жана инновациялар, өндүрүш жана кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт жана кампа иштери, логистика жана башка тармактар боюнча бизнес түзүүгө/өнүктүрүүгө жумшалышы зарыл. Ушул сыяктуу эле Pare 1+1 программасы Молдова мамлекетинде ишке киргизилип, ийгиликтүү ишке ашырылган.

Бул продукт Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №4 «Миграциялык абалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы №191 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын Концепциясын ишке ашыруу алкагында жүзөгө ашырылат. Координациялык иштерди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жүргүзөт, жер-жерлерде ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги камсыз кылат, ал эми каржылык колдоону Эл аралык миграция уюму (ЭМУ) көрсөтөт.

Эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен каржылык сабаттуулук боюнча окуудан өткөн мигранттардын бизнес-идеяларын кошо каржылоо үчүн 1+1 механизми аркылуу гранттар берилди.

Программа үч этапта ишке ашырылууда:

Программа үч этапта ишке ашырылат:

1-этап: 2022-жылдын сентябры – 2023-жылдын марты

2-этап: 2023-жылдын сентябры – 2024-жылдын марты

3-этап: 2024-жылдын апрель – 2026-жылдын марты

1- жана 2-фаза алкагында жалпы грант портфели 7 млн 714 миң сомду түзүп, 21 грант алуучуга берилди, алардын ичинен 13ү эркек, 8и аял, республиканын бардык облустарынан. Программанын 1- жана 2-фазалары Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Баткен жана Ош облустарындагы мигранттарды камтыды.

3-фаза – 2024-жылдын апрели – 2026-жылдын марты. Пилоттук программа Баткен облусунда жүргүзүлүүдө. 3-фазанын алкагында пилоттук «1+1» программасы аркылуу 27 кайтып келген мигранттын бизнес-идеяларын биргелешип каржылоо ишке ашып, пландалууда (2024-2025-жылдары 10 адам, 2025-2026-жылдары 17 адам), жалпы суммасы 8 млн сомдон ашуун каражат Баткен облусунун тургундары үчүн багытталат.

Гранттык бөлүктүн суммасы бир мигрант үчүн болжол менен 200 миң сомдон 800 миң сомго чейин түздү.

Бүгүнкү күндө 48 мигрант грант алып, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү иштерин улантууда.

Ошону менен бирге, бул продуктту ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартынын №134 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймактарын 2025–2030-жылдары комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программада да каралган. Бул программаны ишке ашыруу планына ылайык, 2025–2026-жылдары Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин жана Баткен облусунун облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңештеринин алдында 1+1 принципи боюнча мигранттарды гранттык колдоо программасын Баткен облусунда киргизүү каралууда. Эгерде оң жыйынтыктарга жетишилсе, бул тажрыйба башка облустарга да жайылтылат.

Пайдалуу
Ссылкалар