Министр Равшанбек Сабиров:“ Сөз күчү — эл күчү”
2025-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында “Адабият уңгужолунда” аталышында “Кайрыктар казынасы” коомдук бирикмесинин I Эл аралык курултайы болуп өттү. Бул салтанаттуу иш-чара аталган уюмдун 15 жылдык мааракесине арналды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров катышып, коомдук бирикменин негиздөөчүлөрүн, мүчөлөрүн жана бардык катышуучуларды куттуктап, “Кайрыктар казынасы” бирикмесинин руханий-маданий өнүгүүгө кошкон салымын баса белгиледи.
“Бул улуу жол — мекенди, элибиздин руханий дөөлөттөрүн сүйгөн адамдардын демилгеси менен башталып, бүгүнкү күндө элдин жүрөгүнө жол тапкан, калктын үнүн чагылдырган коомдук кыймылга айланды. Ар бир кайрык аркылуу журттун жан дүйнөсүн ойготуп, калемдин күчү менен коомду бириктирип, улуттук аң-сезимди бекемдеп келесиздер”, — деп белгиледи министр.
Ал ошондой эле уюмдун региондордон чыккан жаш таланттарды колдоого, сөз өнөрүнө болгон урматты тарбиялоого жана руханий мурастарды сактоого кошкон салымын өзгөчө белгиледи.
Сабиров чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын маданий активдүүлүгүнө да токтолуп, учурда дүйнө жүзү боюнча 199дан ашуун диаспоралык уюм мекен менен тыгыз байланышта экенин билдирди. Анын айтымында, акыркы 20 жылда мигранттар тарабынан Кыргызстанга жиберилген акча каражаттарынын көлөмү 2 миллиарддан 3 миллиард АКШ долларына чейин өстү. Алардын көпчүлүгү экономикага гана эмес, маданиятка да активдүү салым кошуп, чет жакта улуттук өзгөчөлүктү сактоого зор салым кошуп келишет.
“Улуу кыргыз эли — Манас эпосун жаратып, Чыңгыз Айтматов сымал дүйнөгө таанылган улуу жазуучуну берген эл. Биз бүгүн ошол мурастын улантуучулары катары, дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун өз тилин, маданиятын, салтын сактап келаткан мекендештерибиз менен сыймыктанабыз”, — деди министр.
Министр «Кайрыктар казынасынын» мүчөлөрүнө маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Алар чет өлкөлөрдө жашап жатышса да, кыргыз сөз өнөрүн даңазалап, калем аркылуу элдин руханий дүйнөсүн байытып, башка мекендештерге үлгү болуп жатышканын айтты.
Сөзүнүн соңунда министр Равшанбек Сабиров коомдук бирикменин маданий байланышты чыңдоого жана улуттук нарктуулукту жайылтууга кошкон салымын жогору баалап, катышуучуларга чың ден соолук, чыгармачылык дем жана жаңы ийгиликтерди каалады.
“ Сөз күчү — эл күчү. Сиздер ушул күчтү элдин кызыкчылыгына багыттап келатканыңар — урмат-сыйга арзый турган иш. Мындай улуу маараке — биз үчүн да чоң сыймык!”— деп жыйынтыктады сөзүн министр Сабиров.
Кайрыктардын 15 жылдык мааракесине карата коомубузда эмгеги сиңген мекендештер Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилгинин ыраазычылык каттары менен сыйланды















