Пландык текшерүү «Түштүк Кыргыз Цемент» ишканасында эмгек мыйзамдарынын бузулганын аныктады

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан «Түштүк Кыргыз Цемент» жабык акционердик коомуна карата пландык текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эмгек мыйзамдарын колдонууда жана аткарууда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү акт түзүлүп, мекеменин жетекчилигине мыйзам бузуу фактыларын белгиленген мөөнөттө жоюу талабы менен расмий түрдө жазуу түрүндөгү эскертүү берилди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, ишкананын жооптуу адамдарына төмөнкү административдик айып пулдар салынды:
– 65 000 сом — 90-берененин 1-бөлүгүнө ылайык,
– 23 000 сом — 87-берененин 4-бөлүгүнө ылайык.
Жалпысынан салынган айып пулдун суммасы 88 000 (сексен сегиз миң) сомду түздү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бардык иш берүүчүлөргө кызматкерлердин укуктарын коргоо максатында эмгек мыйзамдарын так сактоо зарыл экендигин эскертет.

Пайдалуу
Ссылкалар