Жаштар үчүн шыктандыруучу жолугушуу: Кыргыз Республикасынын эмгек министри космонавт Салижан Шарипов менен жолукту
2025-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Равшанбек Сабиров Россия Федерациясынын эки жолку Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолугушуу өткөрдү.
Министр Сабиров Салижан Шариповдун Кыргызстанды эл аралык аренада таанытууга кошкон зор салымына терең ыраазычылык билдирип, анын жетишкендиктери кыргызстандык жаштар үчүн чоң шыктануу экенин белгиледи.
— «Сиз — өлкөбүздүн сыймыгысыз. Сиздин өмүр жолуңуз — Ата Мекенге кызмат кылуунун, өжөрлүк менен берилген эмгектин үлгүсү. Биз адамдык капиталды өнүктүрүү жана жаштарды эмгекке, билимге мотивациялоо багытындагы долбоорлор боюнча мындан ары да кызматташууга даярбыз», — деп белгиледи министр Равшанбек Сабиров.
Ошондой эле министр Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөштөр экенин белгилеп, жогорку технологиялар тармагындагы кызматташууну чыңдоо маанилүү экенине токтолду. Ал өз сөзүндө кыргызстандык жаштардын мүмкүнчүлүгү кең экенин, өз алдынча өнүгүүгө умтулуусу жана жаңы билимдерге болгон кызыгуусу жогору экенин өзгөчө белгиледи.
Өз кезегинде Салижан Шарипов министрликке жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, жаштар менен агартуу жана мотивациялык жолугушууларга катышып, тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.















