Эмгек министри Равшанбек Сабиров: Пренаталдык скрининг мамлекеттик программа болушу керек – -тубаса патологиялардын саны өсүүдө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоо маселелерине арналган жыйынында жаңы төрөлгөн ымыркайлар арасында майыптыкты азайтуу жана үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын жогорулатуу максатында пренаталдык скринингди мамлекеттик деңгээлде милдеттүү түрдө киргизүүнү сунуштады.
«2020-жылдан 2023-жылга чейинки аралыкта өлкөдө туруктуу каттоого алынып, биринчи жолу 18 351 учурда тубаса кемтиктер менен төрөлгөндөр (ВПР) аныкталды. 2023-жылы 4 502 учур катталган, бул жалпы төрөлгөн балдардын 3,08 пайызын түзөт. Ошол эле маалда бул жылдары төрөлүү деңгээли 158 миңден 145 миңге чейин азайган», – деди министр.
Сабировдун айтымында, мындай патологиялар наристелердин өлүмүнүн жана балдардын арасында майыптыктын өсүшүнүн негизги себептеринин бири болууда. Бүгүнкү күндө өлкөдө 218 миңден ашуун майыптыгы бар жаран жашайт, алардын ичинен 37 миңден ашыгы – балдар.
Министр белгилегендей, пренаталдык скрининг оор кемтиктерди эрте этапта аныктоого, дарылоону тууралоого, бала өлүмүн азайтууга жана бюджеттик каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
« Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй 1 долларлык скрининг 9 долларлык чыгымдын алдын алат экен», – деди ал.
Мисал катары ал Казакстандын тажрыйбасын келтирди – бул өлкөдө 2007-жылдан бери пренаталдык скрининг мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп, жыйынтыгы жакшы натыйжаларды көрсөткөн.
Ошондой эле министр балдардын ашыкча салмак маселесине токтолду. “Атайын изилдөөлөргө ылайык, өлкөбүздөгү башталгыч мектеп жашындагы ар бир онунчу бала ашыкча салмак же семирүү менен жабыркайт экен. Бул болсо келечекте балдардын кант диабети, жүрөк-кан тамыр ооруларына жана майыптыка алып келиши мүмкүн”.
Сабиров Япониянын тажрыйбасын үйрөнүүнү сунуштады – анда мектептерде диетологдор иштеп, балдардын тамактануусу катуу көзөмөлдөнөт.
Жыйынтыктап жатып, Равшанбек Сабиров балдар – бул өлкөнүн «стратегиялык ресурсу» экенин баса белгилеп, жаңы муундун саламаттыгына инвестиция салуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болушу керектигин айтты.















