Кыргызстанда аялдардын коопсуздугу жана бакубаттуулугу боюнча биринчи пилоттук изилдөө башталды

 

2025-жылдын 29–30-июлунда Бишкек шаарында «Аялдардын бакубаттулугу жана коопсуздугу» темасындагы статистикалык изилдөөнү жүргүзүү процесси боюнча улуттук семинар старт алды.

Иш-чарага 30дан ашуун өкүлдөр – мамлекеттик мекемелерден, кризистик борборлордон, бейөкмөт уюмдардан жана өнөктөш эл аралык уюмдардан катышты.

Бул изилдөөнүн негизги максаты – аялдардын коопсуздугу жана бакубаттулугу жаатындагы кырдаалды чагылдырып турган так жана ишенимдүү статистикалык маалыматтарды алуу.

Изилдөөнүн жыйынтыктары Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын ичиндеги 5.2-максаттын аткарылышын көзөмөлдөөгө жана аялдардын муктаждыктарына ылайык натыйжалуу саясаттарды жана программаларды иштеп чыгууга негиз болот. Түздөн-түз талаа этабын 2026-жылы өткөрүү пландалууда.

Семинарда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова аялдардын коопсуздугу менен жыргалчылыгын камсыз кылуу мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи:
«Гендердик саясатты ишке ашырууга жооптуу орган катары министрлик бул изилдөөнү толук колдойт. Ал бизге аялдардын чыныгы муктаждыктарын тереңирээк түшүнүүгө, зомбулуктун алдын алуу жана жабыркагандарды колдоо боюнча мамлекеттик чараларды күчтөндүрүүгө жардам берет. Бул иштер 2030-жылга чейинки гендердик теңдикке жетишүү боюнча Улуттук стратегияны жана ага ылайык Улуттук аракеттер планын ишке ашыруу алкагында жүрүүдө», – деп белгиледи ал.

Бул демилге БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Биргелешкен фонду, «ООН-Аялдар» түзүмү жана ЮНФПА тарабынан ишке ашырылып жаткан «Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү – гендердик теңдик аркылуу: Европада жана Борбор Азияда гендердик маалымат системаларын чыңдоо» аттуу аймактык программанын алкагында жүргүзүлүүдө.

                                                             

Пайдалуу
Ссылкалар