КР Эмгек министрлигинин мамлекеттик социалдык заказ алкагында 100дөн ашык долбоор колдоого алынды

 

2022–2026-жылдарга карата Мамлекеттик социалдык заказ программасын жана анын 2025-жылдагы Ишке ашыруу планын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылдын 17-мартынан 7-апрелине чейин коомго пайдалуу долбоорлор боюнча конкурс жарыялады.

Мамлекет биринчи жолу өкмөттүк эмес секторду колдоо максатында министрликтин Мамлекеттик социалдык заказ программасына жалпы бюджетин 115,6 миллион сомго чейин көбөйттү. Бул каржылык колдоо бизнести өнүктүрүүгө, коммерциялык эмес ишмердүүлүккө бекер бөлүнүүчү жана конкурстук негизде берилүүчү гранттар аркылуу берилет.

Конкурсту Эмгек министрлигинин Социалдык коргоо департаменти аркылуу ишке ашыруу алкагында, бейөкмөт уюмдардан жалпы 131 долбоордук сунуш келип түшкөн. Алар төмөнкү багыттар боюнча болду:

  1. «Үй-бүлө – баары үчүн» — майыптыгы бар адамдарга жана оор жашоо кырдаалындагы улгайган жарандарга үй-бүлөлүк камкордукту камсыз кылуу;
  2. «Үй-бүлө – баары үчүн» — оор жашоо кырдаалындагы балдарга үй-бүлөлүк камкордукту камсыз кылуу;
  3. Коомдо ар кандай формадагы зомбулукка чыдамсыздык мамилесин калыптандыруу

Келип түшкөн долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтыган:

  • Ош облусу — 17,
  • Баткен облусу — 7,
  • Жалал-Абад облусу — 8,
  • Талас облусу — 2,
  • Ысык-Көл облусу — 22,
  • Чүй облусу — 25,
  • Нарын облусу — 13,
  • Бишкек шаары — 35,
  • ошондой эле республика боюнча 2 ири масштабдагы долбоор.

Конкурстук сунуштарды калыс баалоо жана жеңүүчүлөрдү тандоо үчүн, министрликтин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №12 буйругунун негизинде Эмгек министрлиги менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган гранттык комиссия түзүлгөн. Анын жыйынтыгында 106 долбоор колдоого алынып, 25 долбоор сынактан өтпөй калган.

Учурда министрлик 2025-жылдын июль айынан тарта сынактын жеңүүчүлөрүн каржылоого киришти.

Пайдалуу
Ссылкалар