Социалдык жөлөкпул алуучулардын саны көбөйдү – Эмгек министрлиги

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-июлуна карата ай сайын социалдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 112,1 миң адамды түздү.
Ай сайынгы социалдык жөлөкпулдарды төлөөгө багытталган жалпы сумма 4 млрд 422,2 млн сомду түздү.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу:
Ай сайынгы социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 1 357 адамга көбөйдү
Алардын ичинен:
• бала кезинен майыптыгы бар адамдардын саны 1 255 адамга көбөйүп, жалпы 40 948 адамга жетти;
• багуучусун жоготкон балдардын саны 434кө көбөйүп, жалпы 21 243 балага жетти.
Пайдалуу
Ссылкалар