Эмгек министрлиги ишке орноштуруу боюнча эң активдүү аймактарды атады

 

Аталган тармакта 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында эмгек рыногунда бир топ алдыга жылгандыгы байкалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жыйынында министрдин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымдады.

Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 978 адамга азайып, 65 422ни түздү. 1-июлга карата иш менен камсыздоого көмөктөшүү бөлүмдөрүнө 72 804 адам кайрылган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 13% аз. Алардын ичинен 52 302 жаран эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери, кесиптик окутуу жана кайра окуу мүмкүнчүлүгү, кесип тандоо боюнча кеңештерди алышкан.

Ишке орношкондордун саны 1 269 адамга көбөйүп, 7 630га жетти.

Отчеттук мезгилде 157 майыптыгы бар жаран ишке орноштурулуп, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 36,5%га өскөн. 87 майыптыгы бар жаран кесиптик окутуудан өтсө, 144ү акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартылган. Ал эми 766 адам жумушсуз катары каттоодо турат.

Министрликтин аймактык бөлүмдөрү иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташуусунан кийин жумуш орундарлын саны эки эсе өстү. Эң активдүү аймактар катары Бишкек, Баткен, Кадамжай, Лейлек, Ноокат, Аксы жана Жети-Өгүз белгиленди.

Ошол эле учурда, жумуш орундарды жарыялоо жана жаңыртуу боюнча иш берүүчүлөр менен тийешелүү деңгээлде иш алып барбаган аймак катары Ноокен, Араван, Токтогул, Алай, Кара-Кулжа, Жумгал жана Чоң-Алайда байкалган.

Министрлик аймактык башкармаларды иш берүүчүлөр менен ишти күчөтүүгө, zanyatost.kg порталындагы вакансияларды актуалдаштырууга жана жарандарды ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында эмгек рыногунун активдүү чараларына тартууну күчөтүүнү чакырды.

Пайдалуу
Ссылкалар