Эмгек министри Сокулук райондук башкармалыгы үчүн жаңы имарат куруу демилгесин колдоду
2025-жылдын 5-августу — Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева жана район акими Илияз Ташкулов менен биргеликте Сокулук райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына барды.
Сапардын алкагында министрликтин жетекчилиги учурда мурдагы заводдун имаратында ижарага алынган жана өзүнүн административдик имараты жок башкармалыктын кызматкерлеринин учурдагы иштөө шарттары менен таанышты. Курулуш үчүн жер тилкеси бар болгонуна карабай бул долбоорду ишке ашыруу үчүн мекеме каржылык колдоого муктаж.
Министр Сабиров өлкөнүн экономикасы өнүгүп жаткан шартта жаңы имарат куруу маселеси чечүүгө мүмкүн экенин белгилеп, каржылоонун мүмкүн болгон булактарын карап чыгуу боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.
Башкармалыктын башчысы Максат Кенешов мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде министр адистер үчүн татыктуу эмгек шарттарын түзүү калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына түздөн-түз таасир этерин белгиледи.
«Социалдык кызматкерлер абдан маанилүү жана бир эле учурда оор миссияны аткарышат — улгайган адамдарга жардам берип, балдар менен иштеп, үй-бүлөлөрдү колдошот. Ар бир кызматкер өзүнүн жоопкерчилигин жана ишинин маанисин түшүнүшү керек», — деп баса белгиледи Равшанбек Сабиров.
Депутат Винера Раимбачаева мекеме жамаатына чын дилинен аткарган иши үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Социалдык тармактагы иш — бул чоң иш. Калктын аялуу катмары менен иш алып баруу оңой эмес. Айлык маянанын төмөндүгүнө карабай, жасап жаткан эмгегиңиздерге ыраазычылык билдирем», — деди ал.
Жолугушуунун жыйынтыгында министрлик социалдык саясатты жер-жерлерде натыйжалуу ишке ашыруу максатында райондук башкармалыктарды колдоону уланта турганы белгиленди.















