Эмгек министрлиги жумушта жаракат алганда же каза болгон учурда бир жолку жөлөкпул төлөө тартибин түшүндүрдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кызматкерлерге (же алардын мураскорлоруна) эмгек милдеттерин аткаруу менен байланышкан майыптыкка, жаракатка, кесиптик ооруга, башка саламаттыкка зыян келтирүүгө же өлүмгө учураган учурда бир жолку жөлөкпулду төлөө тартиби тууралуу маалымдады.
Жаңы Жобо кызмат ордуна жана эмгек стажына карабастан бардык уюмдардын кызматкерлерине жайылтылат. Бир жолку жөлөкпул өндүрүштөгү жаракат же кесиптик ооруунун натыйжасында майыптык белгиленген учурда, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан кызматкердин өлүмү болгон учурда төлөнөт. Жобо кызматкерлердин социалдык корголушун жогорулатууга жана эмгек ишмердүүлүгүнө байланышкан ден соолукка зыян келтирилген же каза болгон учурда адилеттүү компенсация берүүнү камсыз кылууга багытталган.
Майып болуп калуу учурларында жөлөкпулдун өлчөмү эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасына жараша аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (УСК) тарабынан белгиленген орточо жылдык эмгек акыны үчтөн жети эсеге чейинки көлөмдө түзөт, ал эми кызматкер каза болгон учурда он эки жылдык орточо эмгек акы өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөт.
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн майыптыктын тобуна жараша 500 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейинки туруктуу суммадагы жөлөкпул каралган, ал эми багуучусу каза болгон учурда 2 миллион сом өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөт.
Төлөм өндүрүштөгү кырсыктын актысынын негизинде чечим кабыл алынгандан кийин 10 иш күнү ичинде иш берүүчүнүн өз каражатынын эсебинен жүргүзүлөт. Ишкана кайра уюштурулган же жоюлган учурда төлөмдөр мураскор тарабынан же жогорку туруучу орган тарабынан жүргүзүлөт.
Жөлөкпул алуу үчүн кызматкер же мураскорлору арызга тиешелүү документтерди тиркеп беришет: Медико-социалдык экспертизалоо комиссиясынын корутундусу, өлүм тууралуу күбөлүк жана башка тастыктоочу документтер. Иш берүүчү арызды 10 иш күнү ичинде кароого милдеттүү, ал эми объективдүү себептер болгон учурда мөөнөттү 30 күнгө чейин узартылат.
Министрлик бир жолку жөлөкпулду өз убагында төлөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт. Эгер жөлөкпул өз убагында төлөнбөсө, иш берүүчү ар бир кечиккен күн үчүн 0,15% өлчөмүндө туум төлөөгө милдеттүү. Эгерде иш берүүчү бир жолку жөлөкпулду төлөбөсө, анда арыз ээси эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу.
Пайдалуу
Ссылкалар