Кыргызстанга көрүнүктүү мекендештер кайтып келүүдө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Баатыры, космонавт Салижан Шариповго Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун тапшырды.

Бул  иш-чарага ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабиров катышып, бул маанилүү окуяны уюштурууга көмөк көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын Экономикасынын өнүгүшү жана жашоо шарттарынын жакшырышы менен чет өлкөдө жашаган мекендештерибиздин саны артып, алар мекенине кайтып келип, анын мындан аркы өнүгүшүнө өз салымын кошууда.

Пайдалуу
Ссылкалар