Эмгек министрлиги улгайган жарандарды колдоо чаралары жана активдүү узак өмүр сүрүү программалары тууралуу маалымдады
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги улгайган жарандарды колдоо багытындагы жетишкендиктер жана пландар жөнүндө билдирди. Мамлекеттик саясат улгайгандардын укуктарын кепилдеген мыйзамдарга таянат жана медициналык, социалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 408 миңден ашуун улгайган жаран жашайт, алардын үлүшү өсүүдө, бул болсо социалдык саясатты ылайыкташтырууну талап кылат. Өлкөдө улгайган жана майыптыгы бар жарандар үчүн 17 социалдык стационардык мекеме иштейт, мындан тышкары 880ден ашык социалдык кызматкер үй шартында жардам көрсөтөт.
Эмгек министрлиги жыл сайын улгайган жана майыптыгы бар жарандар үчүн коомдук пайдалуу долбоорлорду колдойт, ошондой эле тоскоолдуксуз чөйрө түзүүгө багытталган «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасын ишке ашырат. 2025–2030-жылдарга карата активдүү картаюу боюнча мамлекеттик программа долбоору иштелип чыгып, анда негизги артыкчылыктар белгиленген: саламаттык, татыктуу жашоо жана улгайгандардын коомдук турмушка активдүү катышуусу.
Саламаттыкты сактоо тармагында улгайган жарандарга акысыз медициналык жардам көрсөтүлөт, «Ардагер» геронтологиялык борбору иштейт. Жыл сайын «Улгайган адамдарга көңүл жана кам көрүү» айлыгы жана активдүү картаюуну колдоого, жайылтууга багытталган «Жүрөктөн жүрөккө» жарманкеси өткөрүлөт.
Кыргызстандын мамлекеттик саясаты улгайган адамдардын татыктуу жана активдүү жашоосун камсыздоого, зарыл колдоону жана урматтоону көрсөтүүгө багытталган.















