КР Эмгек министри жана Катар Элчиси социалдык тармактагы кызматташуунун жаңы багыттарын белгилешти

 

2025-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасындагы Катар Мамлекетинин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жана социалдык жана эмгек тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча, эмгек миграциясын өнүктүрүү жана Кыргызстандын жарандары үчүн чет өлкөлөрдө ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү маселелерине көңүл бурулду.

Министр Кыргызстан эмгек миграциясынын багыттарын диверсификациялоого жана улуттук мыйзамдарды так сактоо менен чет мамлекеттер менен өнөктөштүктү чыңдоого кызыктар экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Катар дипломатынын визити өз ара ишенимге негизделген жана жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган кыргыз-катар мамилелеринде жаңы баракты ачууга жол ачкан маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Пайдалуу
Ссылкалар