Эмгек министрлиги: «Келечекке салым» мамлекеттик программасынын алкагында 20 жетим бала колдоо алды

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, 2024-жылы Президент С.Н.Жапаровдун демилгеси менен өлкөдө жетим балдарды колдоого багытталган «Келечекке салым» мамлекеттик балдар салымы аттуу жаңы социалдык демилге киргизилди.

Программанын алкагында «Айыл Банк» ачык акционердик коомунда жетим балдар үчүн алардын жеке кайрылуусунун зарылчылыгы жок эле аманаттар ачылат.

Депозиттерде топтолгон, өлчөмү 500 000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес каражаттар балага 18 жашка толгондо тандоо боюнча – билим алууга, ден соолугун чыңдоого, турак жай шарттарын жакшыртууга же турак жай сатып алууга жумшалышы мүмкүн. Аманаттарды ачуу демилгелүү түрдө жүргүзүлөт, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган «Айыл Банк» ААК менен биргеликте жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө банктык эсептердин реквизиттери жөнүндө байланыштын жеткиликтүү каражаттары – почта же электрондук почта аркылуу кабарлайт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда «Келечекке салым» программасы боюнча 20 жетим бала каражаттарды пайдаланды. Пайдаланылган каражаттардын жалпы көлөмү 3 071 919,90 сомду түздү. Анын ичинен: 638 015 сому балдардын ден соолугун чыңдоого багытталган;

  • 2 400 432,8 сому — турак жай шарттарын жакшыртууга;
  • 228 708,5 сому — окуу акысын төлөөгө.

«Келечекке салым» программасын ишке ашыруу ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды социалдык жактан коргоого жана колдоого көмөктөшөт, аларга ийгиликтүү келечек үчүн зарыл болгон жардамды алууга мүмкүнчүлүк берет.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги программанын аткарылышын көзөмөлдөөнү улантууда жана бардык кызыкдар тараптарды маалыматты байкап турууга жана бул социалдык долбоор тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга чакырат.

Пайдалуу
Ссылкалар