Кыргызстан жана Корея кыргызстандыктар үчүн иш менен камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Корея Республикасынын өкмөттүк түзүмдөрүндөгү комитеттердин төрагасы Джон Енгиль менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эмгек рыногундагы кызматташтык, иш менен камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана Кыргызстандын жарандарын Корея Республикасында жумушка орноштуруу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл эмгек мигранттарынын квалификациясын жогорулатууга, эмгек шарттарын жакшыртууга жана чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктардын укуктарын сактоого бурулду.
Министр Равшанбек Сабиров Корея Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кореянын тажрыйбасы жана программалары Кыргызстандын кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо аларын айтты.
Өз кезегинде Джон Енгиль эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле иш менен камсыздоону жана адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууну, эмгек мобилдүүлүгүн кеңейтүүнү жана Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы жумуш орундарын түзүүнү макулдашышты.















