Кыргызстан Россия Федерациясынан азык-түлүк жардамын алды
Кыргызстанга Россия Федерациясынан 1 280 тонна азык-түлүктөн турган жаңы гуманитардык жардам партиясы келди. Ал БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАП) алкагында акысыз берилди жана өлкө боюнча аялуу үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.
Кошумча баалуу буудай унун жана өсүмдүк майын болжол менен 5 100 аз камсыз болгон үй-бүлө алат. Алар ДАП долбоорлорунун алкагында ирригациялык тармактарды жана суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүүгө, дарак отургузууга, дарыя жээктерин бекемдөөгө катышып, заманбап айыл чарба ыкмалары жана өз алдынча иш менен камсыз болуу боюнча тренингдерден өтүшөт.
Максаттуу үй-бүлөлөргө 300 кг ун жана 30 литр май берилет, ал эми тренингдердин катышуучулары 150 кг ун жана 15 литр май алышат.
Долбоорлордун максаты – азык-түлүк менен колдоодон тышкары, жамааттардын климаттык тобокелчиликтерге туруктуулугун жогорулатуу жана жумуш менен камсыздоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүү.
Россия Федерациясы Кыргызстандагы ДАПтын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жылда Россия жана ДАП өлкөгө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келди – шашылыш жардамдан баштап, социалдык коргоо системаларын өнүктүрүүгө чейин, анын ичинде улуттук мектеп тамактандыруу программасын да камтыйт.
Жаңы жардам партиясынын келүүсүнө арналган иш-чарада Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Бүгүн биз Россия Федерациясынан 1 280 тонна ундан (1080 тонна – Ош шаары, 202,5 тонна – Бишкек шаары) турган гуманитардык жардамдын кезектеги партиясынын келүүсүнө күбө болдук. Бул ресурстар өлкөбүздөгү эң аялуу үй-бүлөлөргө багытталат.
Жакырчылыктын деңгээли төмөндөп жатканына карабастан, бүгүнкү күндө калктын 25,7 пайызы — бул 1,8 миллион адамдан ашык, алардын басымдуу бөлүгү айыл тургундары — дагы деле жакырчылыктын чегинде жашайт. Ошондуктан мындай демилгелер абдан маанилүү.
ДАП менен биргелешкен долбоорлор үч багытты бир учурда чечет: жакырчылыкты азайтат, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатат жана алыскы жамааттардагы инфраструктураны жакшыртат. Өкмөттүн атынан Дүйнөлүк азык-түлүк программасына жана биздин стратегиялык өнөктөшүбүз — Россия Федерациясына терең ыраазычылык билдирем».
Иш-чарага Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Сергей Вакунов жана ДАПтын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Кожиро Накай катышты.

2025-08-19














