Татыктуу эмгек — туруктуу өнүгүү

2025-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын (Улуттук программа) ишке ашырууну талкуулоо боюнча Консультативдик жыйын болуп өттү.
Жыйындын ачылышында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Улуттук программа өлкөнүн орто мөөнөттүү өнүгүүсүнүн приоритеттерин аныктап, глобалдык Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келерин белгиледи. Улуттук программанын IX бөлүмү – «Социалдык өнүгүү» – адамга, анын мүмкүнчүлүктөрүнө, татыктуу эмгегине жана адилеттүү социалдык коргоого арналган. Бул бөлүмдө эки негизги багыт аныкталган: адамдык потенциалды өнүктүрүү жана адилеттүү социалдык коргоо системасын түзүү.
Ошондой эле, Улуттук программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык ресурстарды мобилизациялоо жана биргелешкен иштер талап кыланары белгиленди. Анын айтымында, эксперттер жана коомчулук менен кеңешүүлөр иш-аракеттер планын так жана натыйжалуу чаралар менен толтурууга мүмкүнчүлүк берет.
Жыйындын жүрүшүндө Улуттук программанын негизги багыттары боюнча маалымат берилди. Талкуу жандуу диалог форматында эл аралык уюмдардын, социалдык өнөктөштөрдүн, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн жана министрликтин кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Катышуучулар Улуттук программанын максаттарына жетүү үчүн биргелешкен аракеттердин жана так сунуштарды берүүнүн зарылдыгын баса белгилешти.
Пайдалуу
Ссылкалар