Кыргызстанда балдарды колдоо үчүн жаңы социалдык кызматкерлерди окутуу башталды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жаңы социалдык кызматкерлер үчүн беш күндүк окутуунун салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа катышты.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-январындагы № 23 «Балдарды социалдык коштоо боюнча социалдык кызматкерлер жөнүндө» Жарлыгынын алкагында өткөрүлүп, мамлекеттик коргоого муктаж балдар менен иштеген адистердин билимдерин жана көндүмдөрүн чыңдоого багытталган.
Социалдык кызматкерлерди этап-этабы менен ишке алуу иши өлкө боюнча жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө анын алгачкы эки этабы ийгиликтүү жыйынтыкталып, 280 адис ишке алынган. Жалпысынан жарлыкка ылайык 550 социалдык кызматкер жумушка кабыл алынып, бул социалдык коргоо системасын өнүктүрүүдө жана турмуштук оор кырдаалдагы балдар менен үй-бүлөлөргө көрсөтүлүп жаткан жардамдын сапатын жогорулатуунун маанилүү кадамы болуп саналат.
Министр Равшанбек Сабиров:
«Социалдык кызматкерлер эң алдыңкы сапта туруп, балдарга жана үй-бүлөлөргө кыйынчылыктарды жеңүүгө көмөктөшөт. Министрлик социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, статусун бекемдөө, келечекте эмгек акыны жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча иштерди улантат. Бул артыкчылыктар 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү планында чагылдырылган.
«Биз эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларды жайылтышыбыз керек. Биз эл аралык стандарттарды киргизишибиз керек. Бул багытта биз кесипкөйлүккө көңүл буруп, жүздөгөн жана миңдеген балдардын укуктарын коргоочуларды колдоп, коштоп туруубуз зарыл. Биз балдарга эң жакшысын берүүгө милдеттүүбүз жана эч кандай аракетти аябоого тийишпиз. Бул жерде отурган ар бирибиз балдардын алдында жоопкерчиликти алып жүрөбүз».
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа:
«Биз Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо системасын чыңдоого багытталган бул маанилүү кадамды жасоодогу берилгендигин жогору баалайбыз. ЮНИСЕФ Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине социалдык кызматкерлерди даярдоодо колдоо көрсөтүүгө даяр, аларды аярлуу балдар менен иштөө үчүн бардык зарыл болгон билим жана көндүмдөр менен камсыз кылат. Бул демилге күчтүү система курууга өбөлгө түзөт жана 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясында белгиленгендей, бул кадам жөн гана социалдык саясат эмес: бул адам капиталына жана өлкөнүн келечегине инвестиция, ар бир баланын потенциалын ачып берүүчү кадам болуп саналат».
Окутуу адистерге тажрыйба алмашууга, жаңы ыкмаларды жана куралдарды өздөштүрүүгө, ошондой эле балдар жана үй-бүлөлөр менен иштөөдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоого шарт түзүп, заманбап жана натыйжалуу социалдык коргоо системасын чыңдоого өбөлгө болот.















