Сый-урмат менен узатуу
Бүгүн, 25-августта, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматын аркалап келген Равшанбек Сабировду министрликтин жамааты жылуу маанайда узатышты.
Президенттин Жарлыгы менен ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттигинин директору болуп дайындалды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин м.а. болуп Канат Сагынбаев дайындалды. Президенттин Жарлыгын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жамаатка тааныштырып, алдыда ишке ашырылуучу милдеттер көп экенин белгилеп, жаңы жетекчиликке ийгиликтерди каалады.
Мамлекеттик кызматтын ар кайсы тармагында иштеп, акыркы 9 ай ичинде министрликтин иштерине жаңы дем берген Равшанбек Сабировго жамаат ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы ишине ийгилик каалады.
Өз сөзүндө Равшанбек Сабиров: «Өлкө башчыга бул жооптуу кызматка ишеним көрсөтүп, эки ирет дайындаганы үчүн терең ыраазычылык билдирем. 9 ай ичинде министрликте олуттуу иштер жасалды, бул жамааттын ынтымагын жана жоопкерчиликтүү эмгегин көрсөтөт», — деп белгиледи.
Министрликтин эмгек жамааты жетекчилерге ийгилик каалайт.


2025-08-25














