Бишкекте алгачкы социалдык дүкөн «Евразия» ачылды
2025-жылдын 26-августунда Бишкек шаарында алгачкы социалдык дүкөн «Евразиянын» салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу К. Сагынбаев, Бишкек шаарынын мэри А. Жунушалиев, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты жана «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун Кеңешинин төрайымы А. И. Аршинова, РФ Мамлекеттик Думасынын төрага орун басары Б. А. Чернышов жана Кыргыз Республикасынын Пенсионерлер союзунун төрагасы Э. Исаков катышышты.
Иш-чара мамлекеттин, коомдук уюмдардын жана меценаттардын социалдык жактан аялуу жарандарды колдоо багытындагы биргелешкен аракеттерин символдойт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу К. Сагынбаев өз сөзүндө долбоордун маанисин баса белгилеп, төмөнкүлөрдү билдирди:
«Бүгүн биз Бишкекте алгачкы социалдык дүкөн «Евразияны» ачып жатабыз. Ал пенсионерлер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жардамга муктаж башка жарандар үчүн керектелүүчү биринчи зарыл товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында түзүлдү.
Өтө маанилүүсү – бара-бара кайдыгер эмес жана социалдык жоопкерчилиги жогору адамдар муктаждарды көбүрөөк колдоп, азык-түлүк жана керектүү товарларды төмөндөтүлгөн баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берип жатышат.
Биздин кызматташтык адамдардын жашоосуна чыныгы өзгөрүүлөрдү алып келип, социалдык жыргалчылыкты чыңдап, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошот деп ишенем».
«Биз көп нерсени баштан өткөрүп, балдары менен неберелери өзүн ишенимдүү жана кадыр-барктуу сезиши үчүн көп нерседен баш тарткан улуу муундун алдында өзгөчө милдетибиз бар экенин сезебиз», — деп белгиледи «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун Кеңешинин төрайымы А.И. Аршинова.
Социалдык дүкөн «Евразия» Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсү, 146/1 дарегинде жайгашкан. Анын ачылышы пенсионерлерге, майыптыгы бар адамдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө биринчи зарыл товарларды арзандатылган баада сатып алууга мүмкүнчүлүк берип, социалдык жактан аялуу катмар үчүн чоң колдоо болуп калмакчы.















