Эмгек министринин м.а. Канат Сагынбаев Жалал-Абад шаарындагы социалдык мекемелерди кыдырды

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин м.а. Канат Сагынбаев Жалал-Абад шаарындагы бир катар социалдык стационардык мекемелерге барды.

Министр социалдык кызматтарды алуучулардын жашоо шарттары, имараттардын абалы жана ага чектеш инфраструктура менен таанышып, ошондой эле камкордук, тамак-аш жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Жалал-Абад шаардык психоневрологиялык мекемесинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн түзүлгөн шарттарды, анын ичинде балдардын жашоо жайларын, оюн бөлмөлөрүн, уктоочу бөлмөлөрүн, окуу класстарын, ашкананы, санитардык түйүндөрдү, кир жуу бөлмөсүн жана энергия менен камсыздоону текшерип көрдү.

«Жалпысынан абал жаман эмес, бирок түздөн-түз балдардын өздөрүнө көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Мисалы, мен санитардык түйүндөрдү көрүп жатам, бирок алар колдонулбай турат. Ошондуктан кызматтар балдарга толук көлөмдө көрсөтүлүшүн талап кылам»,– деди  министрдин м.а. К.Л. Сагынбаев.

Министрдин м.а. формалдуу иш-аракеттер менен чектелбей, түздөн-түз балдар менен иштөөнү талап кылды. Бул үчүн 142 балага кызмат көрсөткөн мекемеде 159 кызматкерден турган штат жетиштүү экени белгиленди. Айрым аныкталган мыйзам бузуулар боюнча чара көрүү тапшырылды.

«Ак-Жол» комплекстүү реабилитациялык борборунда учурда 21 бала – толук жетимдер, жарым жетимдер жана социалдык жетимдер реабилитациядан өтүп жатышат. Мекемени кароо жыйынтыгында Канат Сагынбаев лицензиялоо маселесин мыйзамга ылайык алып келүү жана балдардын жайгашуу шарттарын карап чыгуу боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле  министрдин м.а. Жалал-Абад шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын имаратына барды. Барган учурда К.Л. Сагынбаев кызматкерлердин иш боюнча ойлорун угуп, аларды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

        

Пайдалуу
Ссылкалар