2025-жылдын 8 айында социалдык контракт программасына 9 миңге жакын арыз берилди
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2025-жылы жарандар “Социалдык контракт” программасына катышуу үчүн 8899 арыз бергенин билдирет. Ушул жылга 13 333 катышуучуга квота белгиленген.
Арыздарды кароонун жыйынтыгында аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр менен
8087 социалдык контракт түзүлдү. Аялдардын активдүү катышуусу өзгөчө көңүл бурууга татыктуу: катышуучулардын жалпы санынан 7126сы – аялдар.
Түзүлгөн социалдык контракттын багыттарын карасак, айыл чарбасы эң чоң кызыгууну көрсөттү – 6067 долбоор. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө- 712 долбоор, өндүрүштө – 600, соода-сатык тармагында – 467 долбоор.
“Социалдык контракт” программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого, алардын экономикалык активдүүлүгүн стимулдаштырууга жана туруктуу киреше булактарын түзүүгө багытталган. Социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөр өз ишин ачуу же өнүктүрүү үчүн каржылык жардам алышат, бул өз алдынча иш менен камсыз болуунун өсүшүнө жана калктын жыргалчылыгынын жакшырышына өбөлгө түзөт.
“Бүгүн биз жарандардын программага болгон чыныгы кызыгуусун көрүп жатабыз. Катышуучулардын басымдуу көпчүлүгү аялдар экени өзгөчө кубандырат. Бул аялдардын үй-бүлөлүк бизнести, айыл чарбасын жана региондордогу ишкердикти өнүктүрүүдөгү ролунун өсүп жатканын тастыктайт”, – деп белгилешет министрликтен.
Ведомство социалдык контракттын мүмкүнчүлүктөрүнөн көбүрөөк үй-бүлө пайдаланып, экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатышы үчүн программаны жайылтуу боюнча активдүү ишти улантууну пландаштырууда.














